Окуялар

Урматтуу Кыргызстандын жарандык авиациясынын ардагерлери жана ФАТУ ГАнын бүтүрүүчүлөрү!
Жобо жөнүндө
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту Фрунзе авиация техникалык окуу жайынын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата университеттин аймагында жайгашкан Кыргызстандын жарандык авиация музейинин фондун жаңылоону пландаштырууда.
Кантип жардам бере аласыз
Авиациянын өнүгүүсү тууралуу экспонаттарды, ФАТУГАнын тарыхына тиешелүү материалдарды — документтерди, фотосүрөттөрдү, авиаторлорго таандык жеке буюмдарды фондго кошуу жаатында жардам көрсөткөнүңүзгө ыраазы болобуз.
Кыргыз авиация институтунун музейине көрсөткөн колдооңуз — авиаторлордун муундарын байланыштырып, кесиптик чеберчиликти мурас катары сактоого, жаштарды тарбиялоого, келечекке билдирүү калтыруу жана авиация тарыхындагы белгилүү инсандардын жана окуялардын эскерилишин сактоого салым болот.
Байланыш
Сурап билүү үчүн телефон: +996 (312) 41-80-38.
Дарек: Кыргыз Республикасы, 720009, Бишкек ш., Лущихина к., 60.
Дарек: Кыргыз Республикасы, 720009, Бишкек ш., Лущихина к., 60.