Иш-чара
cover image
Билим берүү жана илим министрлиги үй-бүлөлүк окуу чөйрөсүн калыптандыруу, балдар менен чоңдордун ортосунда диалог үчүн аянтча түзүү, окуучулардын патриоттук сезимин, альтруизмди жана бири-бирине жардам берүүнү, мээримдүүлүк менен эмпатияны, ата-энеге урматты жана жарандык жоопкерчиликти өрчүтүү жана үй-бүлөлүк окуу салтын калыбына келтирүү аркылуу «ЧИТАЕТ ВСЯ СЕМЬЯ» акциясынын башталышын жарыялайт.

Катышуу

Бул акцияга ар бир үй-бүлө катыша алат.

Кандай катышуу керек

  • 1Министрлик балдардын жана ата-энелердин курактык өзгөчөлүгүнө ылайык китептердин тизмесин берет.
  • 2Ата-энелер балдар менен бирге күн сайын китеп окуп, орток талкууларды уюштурушат.
  • 3Ар бир китепти окуп бүткөндөн кийин бардык катышуучулар кыска эссе жазып, үй-бүлө чөйрөсүндө китептин пайдалуу жана тарбиялык учурларын бөлүшүшү керек.
  • 4Жазылган эсселери Facebook баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз хэштеги менен жайгаштырылып, катышуучулар досторуна эстафетаны социалдык тармактар аркылуу өткөрүшү керек.
  • 5Эң активдүү үй-бүлөлөр сыйлыктарга ээ болушат. Берилген талаптарды аткарган эң активдүү үй-бүлө «ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ / СЕМЬЯ ЭРУДИТ» наамына сунушталат.

Китептер тизмеси

Сунушталган китептер тизмеси.docx
Ата-энелерге эскертме
Урматтуу ата-энелер, пандемияга байланыштуу учурларда үй-бүлөңүз менен бирге болуңуздар, балдарыңызга мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бургула жана баланы китеп менен дос кылууга үйрөтүңүздөр!

Булак

https://edu.gov.kg/ru/news/bilim-ber-zhana-ilim-ministrligi-atam-apam-zhana-men-kitep-okujbuz-baarybyz-te-dep-atalgan-j-bllk-kitep-okuu-saamalygyn-zharyyalajt/