Жаңылыктар

2020-жылдын 10-июну — И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда онлайн режимде «Абитуриент—2020» иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара жөнүндө
Абитуриенттер Кыргыз авиация институтунун түзүлүшүнүн тарыхы, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү программалары жөнүндө, 2020–2021 окуу жылында кайсы программаларга кабыл алуу жүргүзүлө турганы тууралуу маалымат алышты.
Онлайн байланыш
Келген коноктор WhatsApp мессенжери аркылуу жана YouTube каналындагы түз эфирде суроолорду берүүгө жана институт тууралуу видеону көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.