МаалыматКыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы коронавирустун алып кирилишинин жана таратылышын алдын алуу жөнүндө чечимин жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 14-мартындагы № 282/2 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында эрте каникулдарды орнотуу жөнүндө” буйругун жүзөгө ашыруу максатында институттун жетекчилиги кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн эрте каникулдар учурунда AVN билим берүү порталы, Skype, e-mail, WhatsApp мессенджери аркылуу толук кандуу дистанциондук окуу уюштурду.
Порталга кирүү
Азыркы учурда бардык окутуучуларга жана студенттерге AVN билим берүү порталына кирүү мүмкүнчүлүгү ачылган.
Окуу бөлүмү окутуучулар жана студенттер үчүн билим берүү порталы аркылуу иштөө жана окуу эрежелерине байланыштуу нускаманы даярдады.
Байланыштын уюштурулушу
WhatsApp мессенджеринде дисциплиналар боюнча топтор, старосттордун топтору, кураторлордун топтору жана административдик топтор түзүлгөн.
Окуу бөлүмү жана кураторлор окутуучулар, студенттер жана ата-энелер менен туруктуу байланышты камсыз кылышат.
Бардык бар булган байланыш каражаттарын активдүү колдонуу өтүнүчү.
Окуу процесси
Окуу процесси дистанциондук режимде уланууда, сабактардын графиги жуманын ичинде институттун сайтында жайгаштырылып, ошондой эле электрондук почта жана мессенджерлер аркылуу таратыла турган болот.
Сиздердин активдүүлүгүңүздөргө жана түшүнүүңүздөргө үмүттөнөбүз!
Ыраазычылык менен,
И. Абдраимов атындагы КАИ жетекчилиги.
Документтер
МОН КРнын 14.03.2020-ж. №282-1 буйругун этап-этабы менен ишке ашыруу планы
↓
Окутуучулар үчүн ИС АВН КАИ билим берүү порталын толтуруунун нускамасы
↓
Студенттер үчүн ИС АВН КАИ билим берүү порталын толтуруунун нускамасы
↓
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-ж. 14-марттагы № 282/1 буйругу
↓
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 2020-ж. 16-марттагы № 76 буйругу
↓
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 2020-ж. 16-марттагы № 79 буйругу
↓