Маалымат
📌 Абитуриенттер үчүн маалымат — Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен графикке ылайык, 2025–2026-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыктары боюнча жогорку окуу жайларга кабыл алуунун этаптары төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
Биринчи тур: 2025-жылдын 14–19-июлу
- 114–16-июль — абитуриенттерди конкурска каттоо
- 216-июль саат 14:00гө чейин — каттоонун аякташы
- 317-июль саат 10:00гө чейин — кабыл алынууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жарыяланат
- 417-июль саат 16:00гө чейин — абитуриенттер кабыл алууга макулдугун тастыктайт
Экинчи тур: 2025-жылдын 21–26-июлу
- 121–23-июль — каттоо
- 223-июль саат 14:00гө чейин — каттоонун аякташы
- 324-июль саат 10:00гө чейин — сунушталган талапкерлердин тизмеси жарыяланат
- 424–26-июль саат 16:00гө чейин — макулдук берүү
✅ Бардык абитуриенттерден белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана расмий жарыяларды кунт коюп көзөмөлдөөнү өтүнөбүз