Маалымат
cover image
Окутуучуларга жана студенттерге инструктивтик кат-циркуляр. — Өзгөчө абалга байланыштуу биз аралыктан окутууга өттүк.

Порталга мүмкүнчүлүк

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун бардык окутуучулары жана студенттери АВН маалыматтык системасынын окуу порталына (avn.kaiold) кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Модулдук упайларды тапшырган график

Модулдук упайларды тапшырган график Окуу башкармалыгынын бекитилген модулдук апта графигине ылайык белгиленет.

Модулдук упайларды кабыл алуу avn.kaiold тышкы окуу порталы аркылуу жүргүзүлөт.

Рубеждик контроль

Рубеждик контролдун тапшырылышы 10 календардык күнгө ачылат жана тапшырууга бир жолу гана мүмкүнчүлүк берилет.

Студенттер рубеждик контролду белгиленген мөөнөттө тапшырышы керек.

Эгер студент рубеждик контролду убагында тапшырбаса, тестке кирүү автоматтык түрдө жабылат жана график узартылбайт.

Андан кийин упайлардын натыйжасы учурдагы контролго ылайык эсептелет.

Ошол менен бирге, рубеждик контролду тапшырууга сааттык чектөө коюлбайт: студент тесттерге кирүү мүмкүнчүлүгү ачылган 10 календардык күндүн ичинде күндүн кайсы учурунда болбосун ыңгайлуу убакта рубеждик контролду тапшыра алат.