Сынак

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы боюнча мамлекеттик агенттиги Авиация институтунун улуу курс студенттери арасында жаштардын автордук долбоорлорунун сынагын жарыялайт — долбоорлор Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө, Фрунзе-1 аэродромуна байланыштуу багытталат.
Сынактын темалары
- 1«Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүү стратегиясы»;
- 2«Мен кандайча Кыргызстандын жарандык авиациясынын келечегин көрөм»;
- 3«Учуу коопсуздугу»;
- 4«Авиациялык коопсуздук»;
- 5«Кыргыз Республикасындагы чакан авиациянын өнүгүшү»;
- 6«Чет өлкөлөрдөгү аба кемелеринин техникалык эксплуатациясы»;
Катышуу жана формат
Сынакка катышуу үчүн катышуучулар бир же бир нече долбоорду сунушташы мүмкүн.
Сынакта ар кандай форматтагы материалдар (тексттик же графикалык иштер — сүрөттөр ж.б.) сунушталат. Долбоорду презентация түрүндө даярдоо керек (презентация долбоордун мазмунун чагылдыруусу керек, эң көп 15 слайд).
Мөөнөттөр
Катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 10-апрелине чейин кабыл алынат.
Долбоорлорду коргоо 2023-жылдын 25-28-апрель күндөрү өтөт.
Долбоорлорду коргоо 2023-жылдын 25-28-апрель күндөрү өтөт.
Жыйынтыктары жана жумушка орношуруу
Эң көп балл алган иштердин авторлору, баалоо жыйынтыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы мамлекеттик агенттигине, Кыргыз авиациялык институтуна жана авиакомпанияларга ишке орношууга сунушталат.