Маалымат
cover image
Сизди «БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНДЕГИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ» аттуу университет ичиндеги студенттердин илимий-тажрыйбалык онлайн конференциясына чакырабыз — 6-май 2020-жылы өтөт.

Ыйгарым укуктуу органдар

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту

Табигый илимдер кафедрасы

Конференциянын максаты

Максат
Студенттердин маалыматтык технологияларга негизделген практикалык иштерин талкуулоо; студенттик илимий ойду колдоо жана өнүктүрүү; студенттердин илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү. Конференциянын иш тилдери — кыргыз жана орус.

Негизги багыттар

  • 1 Билим берүүдөгү санариптик технологиялар
  • 2 Билим берүүгө санариптин киргизилишинде пайда болгон тобокелдиктер
  • 3 Тармактардагы санариптештирүү (Жарандык авиация)
  • 4 Физикалык культура жана спорт чөйрөсүндөгү санариптештирүү

Катышуу шарттары

Конференцияга И. Абдраимов атындагы КАИнин адистик же жогорку окуу жайларында окуган студенттер чакырат. Конференция катышуучулардын санына жараша ZOOM же IVA ВКС платформасында онлайн форматта өткөрүлөт. Катышуучулардын видео байланышына туташтыруу үчүн телефон номурларыңызды WhatsApp аркылуу +996552263522 номерине жөнөтүңүз.

Катышуу үчүн: катышуу үчүн өтүнмөнү 04.05.2020 чейин тапшыруңуз. Катышуучулар изилденип жаткан темага доклад (презентация) даярдашат (5 мүнөткө чейин). Төмөнкү материалдарды жеке файлдар катары zhyismailova@gmail.com электрондук почтасына жиберүүнү суранабыз:

  • конференцияга катышуу үчүн өтүнмө файлы (Приложение1);
  • маалыматтык макала тексти (2–4 бет A4), белгиленген талаптарга ылайык даярдалган (Приложение 2).
Байланыш
Суроолор үчүн телефон: +996990880059. e-mail: zhyismailova@gmail.com. Конференцияга катышууңузду күтөбүз. Урматтоо менен, уюштуруучулар курамы.

Өтүнмө формасы (Приложение 1)

  • 1 Фамилия, ысым, ат ____________________________________________
  • 2 Группа ___________________________________________________________
  • 3 Доклад темасы _____________________________________________________
  • 4 Багыт/адистик _________________________________________
  • 5 Дарек, телефон, e-mail ______________________________________________

Приложение 2 — Макала форматтын үлгүсү

Макала форматтын үлгүсү

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНДЕГИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Дуйшеева Динара,

Багыт «Транспорттук процесстердин технологиясы», 2-курс

илимий жетекчи: к.ф.н., м.а. доцент Исмаилова Ж.К..