Жаңылыктар
cover image
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту, окуу жайдын жакында боло турган 50 жылдыгына карата институттун музейин жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын өнүгүүсү музейин жаңыртууну пландаштырып жатат.

Жобо жөнүндө

Азыр музейди жаңылоо концепциясы боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бизге Сиздердин жардамыңыз керек — ал келечектеги авиация адистеринин өскөн мууну үчүн жана жарандык авиациянын тарыхын, авиацияга өмүрүн арнаган адамдардын салымын коомчулукка жеткирүү үчүн маанилүү жана өз учурунда болот.

Эмне керек

  • 1архивдик документтер
  • 2фотосүрөттөр
  • 3газета жана журналдан кесиндилер
  • 4авиациялык экспонаттар жана учактын бөлүктөрү
  • 5окуу жайдын тарыхына жана Сиздин авиациядагы эмгегиңизге байланыштуу артефакттар

Материалдарды кабыл алуу

Өз учурунда биз музей үчүн материалдарды опись менен кабыл алабыз жана ар бир экспонаттын сакталуусун жана кам көрүлүлүшүн кепилдендиребиз.

Байланыштар

фото
Байдылдаев Талгат
тел: 0(312)418038, 0(990)550087
фото
Самарбекова Чынара
тел: 0(990)880039