И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту «Авиациялык коопсуздуктун негиздери» аттуу адистештирилген окуу курсуна кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Окуу программасы авиациялык коопсуздук кызматтары үчүн жаңы талаптарга (АПКР-17) ылайык иштелип чыккан.

Окуу тууралуу маалымат:

  • Башталышы: 2026-жылдын 26-октябрынан тартып

  • Узактыгы: 1,5 ай

  • Дареги: Бишкек шаары, Лущихин көчөсү, 60

Курска катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн 0701236161 телефонуна кайрылыңыз.