
Талкуунун мөөнөтү
Пикирлерди кантип жөнөтүү керек
Долбоорго сунуштар жана эскертүүлөрдү жөнөтүү үчүн: Белекову Н.А.. тел. 661420, belekovnursultan1996@gmail.com
Коопту НПА боюнча долбоорго пикир калтыруу үчүн koomtalkuu.gov.kg сайтында аккаунтун киргизиши же катталганы зарыл.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсү
«... Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзам долбоору билим берүү жана илим жаатындагы учурдагы мыйзам актыларын концепциялык жактан кайра каралган нормалар менен камтыйт жана ал өнүккөн эл аралык тажрыйбаны эске алат.
«Билим берүү жөнүндө» Мыйзам долбоору республикалык билим берүү маселелериндеги мыйзам чыгаруунун флагманы катары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдардын негизин системалаштырып, нормативдик-укуктук актылар иерархиясын аныктайт жана алардын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен байланышын тактайт.
Мыйзам долбоору билим берүү жана илимий ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн негизги принциптерин аныктоону, билим берүү жана илимий ишмердүүлүктү уюштуруу жана жөнгө салууда пайда болгон мамилелерди так укуктук жөнгө салууну орнотууну, билим берүү уюмдарын түзүү, лицензиялоо жана башка билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү субъекттердин тартибин аныктоону максат кылат. Ал ошондой эле билим берүү жана илимий чөйрөнүн бардык катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилигин аныктап, көзөмөлдү өз убагында камсыздоону жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору биринчи кезекте билим берүү системасын туруктуу экономикалык өсүүгө багыттоону көздөйт. Ал билим берүү жана илимий ишмердүүлүк тармагындагы мыйзамдарды жана башка нормативдик-укуктук актыларды гармонизациялоого, алардын нормаларын системалаштырууга, ички карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталган. Мыйзам долбоорун кабыл алуу натыйжасында калктын, ички жана тышкы инвесторлордун билим берүү жана илим системасына болгон ишеними, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулайт деп болжолдонууда.
«Билим берүү жөнүндө» Мыйзам долбоорунун нормаларына түз таасир этиши қамтамасыз кылуу максатында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктардын ортосундагы зарыл балансты камсыздоо, жарандардын, ошондой эле билим берүү, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын, алардын катышуучулары жана негиздөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо аракеттери каралган.
Мыйзам долбоорунун нормалары ошондой эле билим берүү кызматынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоого, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого багытталган.»