Окуу процессинин уюштурулуусу
Урматтуу ата‑энелер жана студенттер,
COVID-19 пандемиясына байланыштуу биз он ай бою онлайн режимде иштөөгө милдеттүү болдук.
Бул убакыт ичинде институттун администрациясы жана профессордук‑окутуучулар курамы толук окуу процесин уюштурууга бардык күчтөрүн жумшашты. Сабактар AVN маалымат системасы, ZOOM, Google Classroom, Google Meet платформалары, ошондой эле WhatsApp, Telegram жана электрондук почта аркылуу онлайн түрдө өткөрүлдү.
Каржылык жана уюштуруу чаралары
Иштөө толук көлөмдө уланып турушу үчүн биз ар бир мугалим менен түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерибизди аткаруубуз зарыл.
Анализ көрсөткөндөй, аралыктан окутуу мугалимдердин эмгек жүктөмүн жана айлыктын азайышын алып келбейт.
Кызматкерлерге социалдык милдеттенмелерди аткаруу максатында онлайн режимге өтүүдөн бери жалактары, дем алыштык акысы, Соцфондко жана салыктарга салыныш, коммуналдык чыгымдар өз мөөнөтүндө төлөнүп келүүдө; ошондой эле аудитория фондунун жана отун‑жылуулук системасынын иштен чыгуусун алдын алуу үчүн окуу корпустарда жылуулук сакталууда.
Инфраструктураны жана материалдык‑техникалык базаны жакшыртуу боюнча иштер жүрүүдө: жатаканада ремонт, чоң казарма бөлмөлөрү ыңгайлуу 4 орундуу бөлмөлөргө бөлүнүүдө. Кээ бир аудиториялар толук оңдолуп, окуу корпустарына косметикалык ремонт жасалды.
Аралыктан окутууну өркүндөтүү максатында 25 компьютер, 3 ноутбук жана четтеги оргтехника сатып алынды.
Авиаинституттун билим берүү порталына жүктөм чоң болгондуктан сервердин кубаттуулугу, порталдын көлөмү жана интернет трафиги көбөйтүлдү.
Көрүнүп тургандай, бул иштердин бардыгы каржылык чыгымдарды талап кылат.
Төлөмдөр жана мөөнөттөр
Материалдык‑техникалык базаны жакшыртуу жана бардык милдеттенмелерди иштөө абалында кармоо, биринчи кезекте, сиздин тараптан окуу акысын өз убагында төлөөгө байланыштуу.
Администрациянын кайрылуусу
Институттун администрациясы жана профессордук‑окутуучулар курамы бардык студенттерден 2020–2021 окуу жылынкы экинчи жарым үчүн төлөмдү жүргүзүүнү өтүнөт.
Авиаинституттун администрациясы.