Өткөн аптанын аягында биздин институт ар кандай мелдештерде спорттук жеңиштерди камсыздады.
2023-жылдын 21-октябрында Бишкектеги Карагач жээгинде мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайларынын студенттери арасында күзгү жеңил атлетикалык кросс өткөрүлдү. Бул кроссго 600дөн ашык жеңил атлетчилер катышты. Аялдар арасында жеке 1-орунду алган Арууке Кушчубекова 3:48.2 убакыт менен жеңишке жетти.
Ошондой эле, 2023-жылдын 20-23-октябрында Ош шаарында өтүп жаткан джиу-джитсу боюнча Эл аралык "Alay open" турниринин жеңүүчүсү болуп, студент Айтбек Аруунов өз категориясында 1-орунду ээледи.
Институттун администрациясы жана эмгек жамааты студенттерди жеңиши менен куттуктайбыз жана келечектеги ийгиликтерди каалайбыз!