И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту 9 жана 11-класстын базасындагы колледжге (ОКБ) 2026–2027-окуу жылына кабыл алуу өнөктүгүнүн башталганын жарыялайт.
📢 9-КЛАССТЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН КӨҢҮЛҮНӨ!
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарына (колледждерге) негизги жалпы билимдин (9-класс) базасында 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги жарыяланды.
📌 Биринчи тур
📅 13–19-июль
✔️ Конкурска катышуу үчүн каттоо: 13–15-июль
⏰ Каттоо 15-июль күнү саат 17:00дө аяктайт.
📝 Кирүү сынактары (зарыл болгон учурда): 16-июль, саат 08:00дө
📋 Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 17-июль күнү саат 14:00гө чейин жарыяланат.
📥 Кабыл алууну ырастоо: 17–18-июль, саат 17:00гө чейин.