Миссия

cover image

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун миссиясы

Окуу процессин алдын ала билим берүү принциптерине негиздеп куруу,
негизги натыйжа катары бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн камсыз кылуу,
замандын коомдук талаптарына жооп берүү.

Максаттары:

  • Шахстын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө болгон муктаждыктарын канааттандыруу,
    орто жалпы билим, жогорку же кийин билим берүү программаларын мамлекеттик стандарттарга ылайык алуу аркылуу;

  • Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы жана суу транспорту үчүн адистерди даярдоо боюнча мамлекеттик заказды аткаруу;

  • Коомдун жогорку жана орто профессионалдык авиациялык билимге ээ болгон квалификациялуу адистерге болгон муктаждыгын камсыздоо;

  • Жарандык авиация жана суу транспорту тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

  • Илимий изилдөөлөрдүн эффективдүү натыйжаларын өндүрүшкө киргизүү;

  • Жогорку кесиптик билимге ээ болгон адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо;

  • Улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктар, илимдин жетишкендиктери жана практикалык тажрыйба негизинде
    шахстын өнүгүүсүнө жана кесиптик калыптанышына шарт түзүү.

Милдеттери:

  • Жарандык авиация жана суу транспорту үчүн заманбап өндүрүштүн, илимдин, техниканын, маданияттын талаптарын жана өнүгүү перспективаларын эске алуу менен адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;

  • Авиациялык билим берүүнү практикалык жактан интеграциялоо;

  • Жарандык авиация жана суу транспорту үчүн кадрларды даярдоонун сапатын ар тараптуу жогорулатуу жана
    илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу.