-> Положение «О Педагогическом Совете»
Педагогикалык кеңеш – бул Авиация институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн коллегиалдуу кеңешүүчү органы болуп эсептелет.
Педагогикалык кеңеш төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
- билим берүү, тарбия жана социалдык процесстерди башкаруу,
- билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү,
- кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу,
- окутуунун сапатын жогорулатуу,
- Авиация институтунун методикалык иштерин өркүндөтүү,
- орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
Ишмердүүлүктү жүргүзүүдө төмөнкү документтерге таянат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
- Кыргыз Республикасынын «Аба кодекси»,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53 токтому менен бекитилген «Орто кесиптик билим берүү уюму жөнүндө жобо»,
- Кыргыз Республикасынын «Авиациялык эрежелери»,
- Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары,
- Авиация институтунун Уставы,
- орто кесиптик билим берүү жаатындагы нормативдик-укуктук документтер.
Иштин негизги багыттары:
- Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн өнүктүрүү концепциясын кароо жана талкуулоо.
- Билим берүү процессин уюштуруунун негизги мүнөздөмөлөрүн аныктоо:
- студенттерди кабыл алуу процедуралары,
- студенттерди окуудан чыгаруунун тартиби жана негиздери,
- экзамендик сессияга студенттерди киргизүү тартиби,
- аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияларды өткөрүүнүн формалары, тартиби жана шарттары,
- аралык аттестация учурундагы баалоо системалары,
- окуучулардын сабактардын тартиби,
- ички тартип эрежелери,
- акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү, аларды уюштуруу жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу тартиби,
- орто кесиптик билим берүү бөлүмү менен студенттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу,
- билим берүү, тарбия жана социалдык иштерге байланышкан башка маселелер.
- Окуу-тарбия жана методикалык иштердин пландарын кароо жана талкуулоо.
- Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын ишке ашыруу абалын жана чараларын кароо, анын ичинде окуу-методикалык жана маалыматтык-техникалык камсыздоо абалын талдоо.
- Окуу-тарбиялык иштердин абалын жана жыйынтыктарын, ошондой эле аттестацияларды өткөрүүгө даярдык көрүү чараларын талкуулоо.
- Методикалык иштердин, педагогикалык жана маалыматтык технологияларды өркүндөтүү боюнча комиссиялардын ишин кароо.
- Эксперименталдык-конструктордук иштерди жана студенттердин чыгармачылык иштерин өркүндөтүү боюнча чараларды кароо.
- Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу укуктук маселелерди кароо жана талкуулоо.
Курамы:
Педагогикалык кеңештин курамына директор, директордун орун басарлары, бөлүм башчылар, китепкана башчылары, цикликалык комиссиялардын төрагалары, бөлүмдүн структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, методисттер, окуу-өндүрүштүк устаканалардын жана лабораториялардын жетекчилери кирет. Бардык окутуучулар Педагогикалык кеңештин мүчөлөрү болуп эсептелет.
Кеңештин курамы жана саны жыл сайын окуу жылдын башында Авиация институтунун директорунун буйругу менен бекитилет. Педагогикалык кеңештин ишине кеңештин төрагасы, Авиация институтунун директору жетекчилик кылат, ал эми анын орун басары – окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп саналат.
Педагогикалык кеңеш түзүлгөндөн бери катчылык милдетти аркалап, протоколдорду Курманов У.Э., Нуркулова З.М., Жумалиева Э.К., Абдылдаева С.Н., Жунушалиева К.А. жана Медешова З.Ж. аткарып келишкен.
-> Приказ "Об утверждении Педагогического Совета", 11.10.2019 год, № 150
-> Приказ "Об утверждении Педагогического Совета", 15.09.2020 год, № 178

Курманов Улан Эсембекович
Председатель Педагогического совета
+996(312)418038
ulan.kurmanov@bk.ru

Медешова Замира Жылкычиевна
Секретарь Педагогического cовета
+996(709)071008
zamiirraa@list.ru