2019-жылдын 7-октябрында «Сейтек» жаштар жана балдар борборунда Кыргызстандын жарандык авиациясынын 86-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
Иш-чара жөнүндө
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын жетекчилери жана ардагерлери, ошондой эле И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун окутуучулары жана студенттери катышты.
Сыйлыктар
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Бейшенов Ж.С. куттуктоосун айтып, татыктуу авиаторлорго сыйлыктарды жана ардак грамоталарды тапшырды.
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттери майрамдык концерттик программаны даярдашты.