Иш-чаралар
cover image
2024-жылдын 7-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү жана жарандык авиациянын 91-жылдыгына арналып салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшү

2024-жылдын 7-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү жана жарандык авиациянын 91-жылдыгына арналып салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Куттуктоо сөзүндө Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов кесиптик майрамы менен куттуктап, авиация тармагындагы жетишкендиктерге жана Кыргыз авиация институтунун жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодогу маанисине басым жасады. Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын өкүлү Искендерова Кундуз өз кезегинде бүгүнкү күндө жарандык авиациянын экономикалык, маданий жана социалдык процесстердеги маанилүү ролу жөнүндө белгилеп өттү. Иш-чарада авиакомпаниялардын жетекчилери, авиация кызматкерлеринин профсоюзу жана жарандык авиациянын ардагерлери сөз сүйлөп, тажрыйбалары менен бөлүштү. Майрамдын урматына авиация тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге жана институттун окутуучуларына сыйлыктар тапшырылды. Салттуу иш-чара институттун студенттери даярдаган концерттик программа менен аяктап, бардык катышуучуларга жагымдуу эмоциялар жана жыргалдуу таасирлерди тартуулады.