Кызматташтык
cover image
2021-жылдын 11-ноябрында Кыргыз авиация институту им. И. Абдраимова жана Мамлекеттик эмес жеке уюм — кошумча кесиптик билим берүүчү «Учебный центр «Авиатор» кызматташуу боюнча макулдашуу түзүштү.

Кызматташтык жөнүндө

Кызматташтык багыттарын талкуулоодо «Авиатор» окуу борборунун эл аралык долбоорлор боюнча директордун орун басары Зенцова Лилия Евгеньевна жана учкучсуз учуу системалары жана альтернативдүү энергия булагы боюнча башкы адис Кирдюшкин Юрий Сергеевич авиация адистерин даярдоо программалары, башка өлкөлөр менен иштөө тажрыйбасы жөнүндө айтып, Европалык авиация коопсуздугу агенттигинин (EASA) талаптары тууралуу маалымдады. Ссылка: http://aviator-training.com/

Конференциядагы сөз

10-ноябрда II Эл аралык илимий-практикалык конференциянын «Жарандык максаттарда учкучсуз авиация системаларын коопсуз колдонуу. Окуу кадрларын даярдоо жана укуктук маселелер» отурумунда Зенцова Л. Е. жана Кирдюшкин Ю. С. учкучсуз учактарды эксплуатациялоо боюнча адистерди даярдоонун аспектилери тууралуу доклад жасашты.

Фотогалерея