2025-жылдын 4-апрелинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Авиацияда коопсуздукту башкаруу системасынын (SMS) натыйжалуулугу: заманбап ыкмалар жана практикалык жүзөгө ашыруу» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Учуучу аппараттарды техникалык пайдалануунун Европалык стандарттары боюнча «EASA Part-145 жана Part-66/147 талаптары» темасында семинар болуп өттү.