Окуялар
cover image
2021-жылдын 20-январында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда институттун жетекчилигинин студенттик коомчулук жана бардык окуу программаларынын топ старостолору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушунун жүрүшү

Жолугушууну директор Курманов Улан Эсембекович ачты. Ал катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «2020-2021 окуу жылынын жазкы семестринде аралаш окутуу форматында окуу процессин уюштуруунун алгоритмин бекитүү жөнүндө» буйругу менен тааныштырып өттү.

Студенттерге бекитилген окуу алгоритмин жумушка киргизүү, алгоритмди сактоонун эрежелери жана талаптары тууралуу толук маалымат берилди.

Талкууланган маселелер

  • 1Окуу процессин аралаш окутуу форматында уюштуруунун алгоритми менен таанышуу.
  • 2Учурдагы окуу жылдын биринчи жарымжылдыгынын жыйынтыктары жана академиялык карыздарды жоюу.
  • 3КРнын жогорку окуу жайларынын студенттеринин контракт төлөмдөрүн ушул окуу жылында 50%га төмөндөтүү тууралуу маселеси.
b0fe457a1a796fecaddd915564022622.jpeg