И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту…
22 Авг 2025
3340
Кызматташтык
2025-жылдын 20-21-августунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун делегациясы Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) иш сапары менен барды. — Иш сапардын алкагында ОшМУнун жетекчилиги менен расмий жолугушуулар болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.
Кызматташтык багыттары
1ОшМУнун санариптик билим берүү ресурстарын жана сервистерин киргизүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөө;
2Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун натыйжалуу ыкмаларын талдоо;
3Билим берүү чөйрөсүн санариптик трансформациялоо жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Иш сапардын жыйынтыгы
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Санариптик чечимдерди киргизүүгө жана илгерилетүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын алдын ала планы аныкталды.