Жаңылыктар
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жамааты сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Куттоо

Урматтуу окутуучулар, ардагерлер, авиация тармагынын кызматкерлери жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери!

Бул күн – сиздердин авиация тармагын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана өлкөнүн транспорттук системасын чыңдоого кошкон салымыңыздардын белгиси.

Тармактын башатында турган жана бизге эң мыкты салттарды, тажрыйбаны жана билимди өткөрүп берген жарандык авиациянын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтер, ачык асман жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын мындан ары өнүгүшүн каалайбыз!

Урматтоо менен, Директор Улан Курманов