2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков жана белгилүү акын-импровизаторлор Кыргыз авиациялык институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. И.Абдраимова. Анда “Манас” эпосунун мааниси, улуттук маданияттагы орду, өнүгүү жолдору талкууланды. Н.Талантбеков өз сөзүндө “Манас” эпосунун өсүп келе жаткан муун үчүн мааниси жана аны сактоонун чаралары тууралуу айтып, студенттерди улуттук мурасты аздектеп, эпостун кеңири жайылышына салым кошууга чакырды. Ал ошондой эле акындарды сыйлоо, алардын чыгармачылыгын таануу маанилүү экенин баса белгиледи. Иш-чара кызуу жана объективдүү талкуу форматында өттү. Студенттер “Манас” эпосу боюнча кызыктуу суроолорду берип, акын-импровизаторлор менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай иш-чаралар кыргыз элинин маданий мурасын жаштарга жеткирүүдө, улуттук каада-салттарды келечек муунга сактап калууда чоң роль ойнойт.

fc093bab5e8003a9da931e3eb97a69b5.jpg

2e36a4df287d740fc235b6f5b01c70e9.jpg

bfa11e3af3ca06aeecddf7f835c3175d.jpg

7e46109f4e69adf0c3dcbdbc9b115645.jpg