Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору жана б…
27 Ноя 2024
166
Иш-чаралар
Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков жана белгилүү акын-импровизаторлор Кыргыз авиациялык институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. — Анда “Манас” эпосунун мааниси, улуттук маданияттагы орду, өнүгүү жолдору талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшү
Н.Талантбеков өз сөзүндө “Манас” эпосунун өсүп келе жаткан муун үчүн мааниси жана аны сактоонун чаралары тууралуу айтып, студенттерди улуттук мурасты аздектеп, эпостун кеңири жайылышына салым кошууга чакырды.
Ал ошондой эле акындарды сыйлоо, алардын чыгармачылыгын таануу маанилүү экенин баса белгиледи. Иш-чара кызуу жана объективдүү талкуу форматында өттү.
Студенттер “Манас” эпосу боюнча кызыктуу суроолорду берип, акын-импровизаторлор менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай иш-чаралар кыргыз элинин маданий мурасын жаштарга жеткирүүдө, улуттук каада-салттарды келечек муунга сактап калууда чоң роль ойнойт.