Окуялар
cover image
12-майда Авиаинститутке Бишкек шаарынын №69 орто мектебинин тогузунчу класстары келишти. — Окутуучу Замира Маданбековна Нуркулова институттун тарыхын айтып берди: 1973-жылы Фрунзе шаарындагы жарандык авиациянын Авиатехникалык мектеби болуп түзүлгөндөн баштап, жетекчилер жана курсанттар, ошондой эле Авиаинституттун аталышы болгон Ишембай Абдраимов жөнүндө маалымат берди.

Экскурсиянын жүрүшү

Учуу адистиги бөлүмүнүн башчысы Шавкет Нурмухамедович Алаев пилот катары карьерасы кандай башталганын айтып, учактын жана вертолеттин түзүлүшүн көрсөткөн.

3-курстун студенти Эрулан Оңолбеков окуучуларга врачебно-лёттук эксперттик комиссиядан кантип өткөнүн, предметтер жана окутуучулар жөнүндө, пилоттор менен бортпроводниктердин практикалык окууларынын өзгөчөлүктөрү, сүзүү сабактары тууралуу жана бош убактысын учак моделдерин изилдөөгө арнаганын айтып берди. Акырында саламаттыкты сактоону өбөлгөлөөнү, англис тили экзаменинен коркпоо керектигин жана пилот кесибин сулуу форма, статус же айлык үчүн эмес, чакырык (анын сүйүүсү) боюнча тандаш керектигин кеңеш берген.

Окуучулар көбүнчө институтка кабыл алуу үчүн ВЛЭК туурасында сурашты.