Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 30-сентябрынан 7-октябрына чейин өтүп жаткан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Координацияланган валидациялык миссиясынын алкагында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эксперти Aidara-Kone Nafissatou Djahate иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында Кыргыз авиациялык институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда институттун ишмердүүлүгү, авиация тармагындагы адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы, ошондой эле билим берүү процессинде сапатты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып баруу ыкмалары тууралуу маалымат берилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө авиациялык кадрларды эл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык даярдоо маселелерине, ошондой эле жарандык авиациядагы учуу коопсуздугун камсыз кылууда билим берүү мекемелеринин ролуна өзгөчө көңүл бурулду.