Герою Советского Союза, военному лётчику Тимуру Ф…
07 Апр 2023
130
Иш-чаралар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн, Кант аба базасынын жана коомдук уюмдардын — Согуш ардагерлеринин Кеңеши жана Ленинграддын блокадасын жашап өткөндөрдүн коомдук бирикмесинин — өкүлдөрү катышкан эскерүү-реквием өттү.
Иш-чаранын жүрүшү
Тимур Фрунзенин урматына салют атылды, ал эми Коргоо министрлигинин духовой оркестри Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткарышты. Институттун студенттери концерттик программаны сунуштап, иш-чаранын аягында ардагерлерге жана конокторго майрамдык фуршет берилди.