И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда 17-декабрда «Тоолор – жашоонун булагы жана туруктуу келечектин негиздери» темасында Эл аралык тоолор күнүнө арналган тегерек үстөл болуп өттү.

Докладчылар катары институттун студенттери чыгып, презентацияларында Кыргызстан, тоолуу өлкө катары, бул табигый байлыктарды сактоого өзгөчө жоопкерчилик тартарын жана билим берүү мекемелеринин экологиялык маданиятты түзүү жана өнүгүү маселелерин чечүү үчүн адистерди даярдоодогу маанисин баса белгилешти.