
Лекция жөнүндө
Лектор учурда Кыргызстандагы авиациянын өнүгүп жатканын айтып өттү: айрыкча жүк каттамдары басымдуу, учкучтарга суроо-талап өсүп жатканы жана авиакомпаниялардын талаптарына токтолду. Аскаров И. Н. студенттерге учкучтар үчүн англис тилин билүү зарыл экенин белгилеп, бир адам бир жыл ичинде «нындан» же нөлдөн баштап чет тилди өздөштүргөнү тууралуу мисалды келтирди. Анын айтымында, бул кесипте дайыма окуу, өнүгүү жана өзүн өркүндөтүү талап кылынат. Студенттер пандемиядан кийин учкучтарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү, авиакомпаниянын учкучту жаңы учак түрлөрүнө кайра окутууну төлөшү, англис тилин билүү деңгээли жана лексиканын өзгөчөлүктөрү боюнча суроолор беришти. Ильгиз Аскаров — Кыргыз авиациялык колледжинин бүтүрүүчүсү. Ал 4 учак түрүн өздөштүргөн, Bae 146/200 – AVRO RJ85, Boeing MD 80/88, Boing 747-200 учактары боюнча КВС инструктору болуп саналат.
Фотосүрөттөр



