
Лекция тууралуу
8 декабря 2021 года руководитель клуба “Radio Control” Сергей Георгиевич Баимов прочитал гостевую лекцию о беспилотных летательных аппаратах. Баимов С. Г. БПЛАнын колдонуу аймактары жана алардын функциялары, классификациясы, учуу режимдери, интерфейс милдеттери жана авиасимуляторду колдонуудагы пайда тууралуу айтты. Лекцияда студенттер ар кандай түрдөгү дрондорду гана көрбөстөн, ошондой эле башкаруу жана стабилизация пульттарын колдоруна алышты. Учкучсуз авиациялык системаларды оңдоо жана жөндөөнүн устасы катары Сергей Георгиевич студенттерге өз моделин курууда кайсы компоненттерди тандаш керектиги жана салмак менен учуу узактыгынын оптималдуу катышы боюнча сунуштар берди. Дүйнөлүк тажрыйба тууралуу айтып жатып, ал студенттердин көңүлүн БПЛАны иштеп чыгуу жана жөндөө адистиги эң талап кылынган 50 кесиптин катарына кирерин белгиледи.


