Иш-чаралар
cover image
«Кыргызстандагы аэропорттордун өнүгүүсү» темасында конок лекциясы — Бүгүн 27-февралда Кыргыз авиация институтунда студенттер үчүн «Кыргызстандагы аэропорттордун өнүгүүсү» темасында конок лекциясы өттү.

Лекция тууралуу

Мамлекеттеги аэропортторду модернизациялоо, маршруттук тармакты кеңейтүү, авиациялык эмес ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу — бул тууралуу студенттерге бренд-менеджер, маркетолог Назгүл Орозканова айтып берди.

Лекция презентация форматында жана жандуу талкуу менен өттү. Студенттер лекциянын темасынан тышкары Кыргызстандын ири авиакомпаниясынын иши жана жалпы авиация тармагы боюнча суроолорду беришти.

Маалымат
Белгилеп кетсек, институтта студенттер үчүн ар кандай деңгээлдеги жана адистиктеги эксперттер тарабынан конок лекциялары туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

Сүрөттөр