
Лекция жөнүндө
Геннадий Фёдорович студенттерге университет, окуу процессин уюштуруу өзгөчөлүктөрү, Украина жогорку окуу жайларынын дипломдорун таанытуу жана Европалык Союзда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, авиация тармагында украин адистер тарабынан нормативдик-укуктук актылардын иштелип чыгуусу, жеке авиациянын өнүгүүсү жана чет элдик учкучтарды жумушка тартуу, авиакомпаниялар тарабынан заманбап лайнерлерди тейлөө үчүн техниктерди кайра даярдоо курстарынын уюштурулушу, улук авиакомпаниялар тарабынан учактарды тейлөөчү жеке борборлордун суроо-талаптуу экендиги тууралуу айтып берди.
Студенттер магистратурада билимди улантуу мүмкүнчүлүгү, окуу тили жана техниктерди заманбап учак типтерине кайра даярдоо боюнча суроолорду беришти.
Маалымат
Улуттук авиация университетинин тарыхы 1933-жылга барып такалат: ошол жылы Киев машина куруу институтунун Авиация факультетинин базасында Киев авиация институту түзүлгөн. Азыркы учурда университетте болжол менен 25 миң студент окуйт. Ссылка: https://nau.edu.ua/

