21-апрелде Кыргыз авиациялык институтунун жарандык авиация факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн «Аэрономад» компаниясынын башкы директору Аралбаев Тимур Эркинович soft skills темасында конок лекция өткөрдү.

Жолугушуу жандуу жана кызыктуу маанайда өттү. Спикер өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, авиация тармагындагы иштин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди, ошондой эле ийгиликтүү карьера үчүн жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Студенттер талкууга активдүү катышып, суроолорун берип, практик адистен баалуу кеңештерди алышты. Мындай жолугушуулар келечектеги адистерге кесиптин талаптарын тереңирээк түшүнүүгө жана өзүн өнүктүрүүгө дем берет.