Окуялар
cover image
2-мартта Кыргыз авиация институтунда им. И. Абдраимова авиациянын ардагеру Марсель Кашафутдиновдун «Вертолёттор жана учкуч кесиби тууралуу» деген темадагы конок лекциясы өттү.

Спикер жөнүндө

5000 сааттан ашык учкан вертолёт учкучу Марсель Файзылхакович 17 жылдан ашык убакыт бою авиацияда МИ-8 жана Ми-24 вертолётторунда инструктор болуп иштеп, анын ичинен 10 жыл Кыргызстанда эмгектенген.

Лекциянын жүрүшү

Лекцияда Марсель Файзылхакович келечектеги авиаторлор менен вертолётту башкаруу боюнча бай тажрыйбасын жана учкуч кесибинин өзгөчөлүктөрүн бөлүштү. Студенттер кызыккан суроолорду беришип, лекциядан жана вертолёт учкучунун кесиби тууралуу көп маалымат алышты.

Фотолор