2024-жылдын 15-ноябрында «Аэрономад» авиакомпаниясынын Башкы директору Аралбаев Тимур Эркинбековичтин катышуусунда «Аба транспортунда менеджмент» багыты боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн конок лекциясы болуп өттү.
Лекция «Авиациялык ишканаларды башкаруу» темасына арналды. Жолугушуунун жүрүшүндө лектор өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, авиациялык компанияны башкаруунун негизги аспектилерин кеңири ачып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы авиация тармагынын учурдагы чакырыктары жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып өттү.
Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, авиакомпанияны ийгиликтүү өнүктүрүү стратегиялары менен таанышып, Тимур Эркинбековичтин жеке кесиптик жолунан шыктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.