2026-жылдын 6-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун Жарандык авиация факультетинде «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын учуу коопсуздугу жана сапатты көзөмөлдөө боюнча инспектору Айжамал Темировна Исраилованын лекциясы өттү.
Лекция «Аба транспортунда ташууларды уюштуруу жана башкаруу» багытынын 2-курсунун студенттери (ВПо-1-2-24 тобу) үчүн уюштурулуп, «Учуу коопсуздугун башкаруу системасы» темасына арналды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Айжамал Темировна студенттерге учуу коопсуздугун башкаруу системасынын иштөө принциптери тууралуу кеңири маалымат берип, жарандык авиациядагы коопсуздукту камсыздоонун заманбап ыкмалары менен тааныштырды. Ошондой эле аэропорттук ишмердүүлүктө сапатты жана учуу коопсуздугун көзөмөлдөө тармагындагы практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Лекциянын алкагында авиациялык окуялардын алдын алуу, адам факторунун ролу жана коопсуздукту башкарууда системалуу ыкманын мааниси тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Спикер студенттердин суроолоруна жооп берип, кесиптик ишмердүүлүк тууралуу пайдалуу маалыматтарды берди.
Мындай конок лекциялар студенттердин кесиптик билимдерин кеңейтүүгө жана билим берүү процесси менен жарандык авиация тармагындагы практиканын ортосундагы байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

