Иш-чара
cover image
HAPPY THANKSGIVING DAY. Авиация институтунун студенттери Ыраазычылык күнүнө арналган театрлаштырылган сахна көрсөтүштү — Бүгүн, 1-декабрда, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда англис тилин өркүндөтүү максатында Ыраазычылык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшү

Иш-чарага окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты.

Биринчи курстун студенттери майрамдын пайда болуш таржымалын баяндаган театрлаштырылган сценканы сахналаштырышты.

Коноктор үчүн майрамга арналган тематикалык сынактар да уюштурулду. Сценка жана сынактар англис жана орус тилдеринде өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтығында Кыргыз авиация институтунун директордун орун басары Садовская Оксана жана институттун музейлеринин жетекчиси Бошумова Тлеухор студенттерге жана уюштуруучуларга кызыктуу жана таалимдүү көрсөтүүнү уюштурганы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти, катышуучуларга окууда ийгилик жана бардык максаттарынын орундалышын каалашты.