2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы №158 «Жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында авиациялык байланыштарды өнүктүрүү чаралары жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы Жарандык авиация агенттиги тарабынан И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда төмөнкү долбоорлор сунушталды:

  1. Ситуациялык борбор. Бул борбор студенттердин жана окутуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн инструмент катары кызмат кылат. Жалпысынан институттун аймагына, бардык окуу аудиторияларына жана лабораторияларга 120 камера орнотулду. Сапатты камсыздоо бөлүмүнүн нөөмөтчү кызматкери онлайн режимде көзөмөл жүргүзүп, бузулууларды каттап турат.

  2. «Боинг» учактар үй-бүлөсүнүн конструкциясы боюнча заманбап аудитория. «Блю Джет Эйрвейс Кейджи» авиакомпаниясынын колдоосу менен толук кандуу жабдылган бул аудитория студенттерге чет элдик техника боюнча билим алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул авиациялык коомчулукка батыштык техника боюнча квалификациясын жогорулатууга шарт түзөт.

  3. Мультимедиялык лаборатория. Кыргыз авиация институтунда студенттердин суроо-талабы менен социалдык багыттагы видео контенттерди жана ар кандай темадагы лекциялык видеоматериалдарды даярдоо үчүн мультимедиялык лаборатория түзүлдү. Бул лаборатория толук жабдуулар, видеокамералар, заманбап эмерек жана техникалар менен камсыздалган.

5b9359042949e40ee0d242e7c05c3bb5.jpgfa0d4e3e7bda3f925cc5128e1d76ea39.JPGf9171b24e85b0122f73d887f4f67b807.JPG

dd38d0ecfc8fda18094163f39961fa4a.JPG3df8c4cfcf5ee37e01802fb8bf047c51.jpg68f3f2f07f2713e1b60abba06a9f3c75.jpg

442a85799eb967982e527f768d14cc35.jpg5eeeb376c0fd95737fbd3744e65468af.JPG83b3be29b38a2360249bd288499ee155.JPG

89c546c956471a1b96f2bf38c293a366.JPG