Институту передали кабину реактивного самолёта дл…
07 Дек 2021
130
Жаңылыктар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун 2019–2023-жылдарга карата өнүгүү программасына ылайык жана «Авиа Траффик Компани» менен «TEZ JET» компанияларынын макулдашуусу боюнча окуу колдонмосу катары BAe 146-200 учагынын кабинасы институтка акысыз тапшырылды.
Ташуу
Институттун кызматкерлери Осмоналиев А. Т., Абдраманов А. К. жана Жороева М. Э. жетектөөчүлүгү менен 2-декабрда кабина «Манас» аэропортунан окуу полигонына ташылды.
Ыраазылык
Кыргыз авиация институтунун жетекчилиги окуу жайдын аба кемелер паркын толуктоого көрсөткөн жардамы үчүн «Авиа Траффик Компани» жана «TEZ JET» компанияларына ыраазычылык билдирет.