«Avia Traffic Company» авиакомпаниясы акысыз негизде Кыргыз авиация институтуна Boeing-737-300 учагын өткөрүп берди. — Учактын Оштон Бишкекке институттун базасына транспортировкасы үчүн даярдыктары жүргүзүлүп жатат. Институттун студенттери жана кызматкерлери «Avia Traffic Company» авиакомпаниясына чын ыкластуу ыраазычылыктарын билдиришет.