И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтун…
14 Мар 2025
351
Иш-чара
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда 14-мартта сынактын жыйынтыгы өткөрүлдү, анда студенттердин жарандык авиациянын ар түрдүү аспектилери боюнча потенциалын ачууга багытталган иштер көрсөтүлдү.
Сынак тууралуу
Бул иш-чара Кыргызстандын авиация тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо маанилүү кадам болду.
Сынактын негизги максаты таланттуу студенттерди аныктоо жана колдоо, ошондой эле алардын илимий ишмердүүлүккө болгон кызыгуусун арттыруу болду. Уюштуруучулар келечекте жарандык авиация тармагында иштей турган адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууну көздөшкөн.
Сынактын багыттары
1Оператордун сертификатын алуу үчүн авиакомпаниянын долбоорун түзүү: бул багыт студенттерден авиациялык бизнес, ченемдик-укуктук жөнгө салуу жана авиакомпаниянын иши жаатында терең билимге ээ болууну талап кылган.
2Институттун лабораторияларынын базасында учкучсуз учуучу аппараттын долбоорун иштеп чыгуу: ар кандай тармактарда УУАлардын ролунун өсүп жаткан шартында бул сынактын пункту студенттерге инженердик жана конструктордук жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
3Жаңы аэродромду долбоорлоо жана сертификациялоо: Бул багыт авиациялык инфраструктураны пландаштыруунун жана долбоорлоонун, ошондой эле коопсуздук стандарттарына шайкештиктин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
4Эл аралык аэропортто авиациялык коопсуздук кызматынын долбоорун түзүү: коопсуздук талаптары жогорулаган чөйрөдө сынактын бул пункту студенттерге коркунучтардан коргоонун эффективдүү системаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.
5PART 147 жана PART 66 талаптарына ылайык заманбап Авиатехникалык борбордун долбоорун түзүү: бул багыт эл аралык стандарттарга ылайык учактарды тейлөө боюнча адистерди даярдоого багытталган.
Жыйынтыктар
1Улук мугалим Алексей Викторович Панин жетектеген топ биринчи орунду (80 000 сом) жеңип алды.
2Мугалим Мырзабеков Нуржан Темирбекович жетектеген топ 1-орунду жеңип алды (80 000 сом)
3Ал эми ага окутуучу Абдраимов Эдилбек Сатилович жетектеген топ 2-орунду (50 000 сом) жеңип алды.
4Мугалим Ысаков Мунарбек Ысакович жетектеген топ 2-орунду жеңип алды (50 000 сом)
5Мугалим Нурлан Кожоевич Абдразаев жетектеген топ 3-орунду (10 000 сом) жеңип алышты.
6«Мыкты илимий изилдөө» номинациясында окутуучу Жеңишбек Төлөбаевич Пирматов жетектеген топ инновациялык мамилеси жана келечектүү өнүгүүсү үчүн калыстар тобу тарабынан сыйланды (70 000 сом).
Маңызы
Мындай сынактарды өткөрүү жарандык авиациянын болочок адистеринин билим сапатын жогорулатууда жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул студенттерге теориялык билимди практикада колдонуу, командада иштөө жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, чыныгы долбоорлордо иштөө тажрыйбасын алуу жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет.