
Расмий бөлүгү
Конференциянын расмий бөлүгү Чоң жыйындар залында өтүп, мамлекеттик гимндин аткарылышы жана институттун директору Улан Эсембекович Курмановдун куттуктоо сөзү менен башталды. Катышуучуларга КАИнин ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, майрамдык маанайды концерттик программа толуктады.
Эл аралык коноктор
Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен эл аралык коноктор кайрылышты. Алар: Елена Байкова — В.П. Чкалов атындагы Егорьевск авиациялык техникалык колледжинин өкүлү, Ерканат Куанов — Казакстан Республикасынын Жарандык авиация академиясынын илимий жетишкендиктер борборунун жетекчиси.
Пленардык жыйын
Пленардык жыйында эксперттер стратегиялык мааниге ээ болгон темалар боюнча баяндама жасашты. Алардын катарында Азербайжанда мультимодалдык транспорттук системаларды өнүктүрүү жана авиацияда кванттык эсептөөлөрдү колдонуу перспективалары каралды.
Конференциянын иши
Конференциянын негизги бөлүгү «Boing» конференц-залында улантылып, катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча өз изилдөөлөрүн сунушташты: техникалык илимдер жана өндүрүш, авиация жана коопсуздук, гуманитардык жана табигый илимдер.






