Иш-чаранын максаты
Студенттердин практикалык жана илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын кароо, кесиптик билимдер жана тажрыйбалар менен алмашуу, изилдөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана сунуштоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кесиптик компетенцияларды жогорулатуу болуп саналат.
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун «Аба кемелерин учуу-техникалык эксплуатациялоо жана транспорттук тутумдарда башкарууну уюштуруу» кафедрасы 2026-жылдын 15-майында бакалавриат багытындагы студенттер менен квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктарын талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – студенттердин практикалык жана илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын кароо, кесиптик билимдер жана тажрыйбалар менен алмашуу, изилдөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана сунуштоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кесиптик компетенцияларды жогорулатуу болуп саналат.
Катышуучулар
Тегерек столдун ишине Кыргыз авиация институтунун студенттери, практика жетекчилери, өндүрүштөгү насаатчылар, магистранттар жана стейкхолдерлер катышышты.
Темалар боюнча презентациялар
- 1Жарандык авиациянын учкучтарын инновациялык даярдоо
- 2Заманбап симуляторлор жана жасалма интеллектти киргизүү
- 3Кыргызстандагы авиациянын өнүгүү тенденциялары
- 4Авиациялык коопсуздук кызматынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштар
- 5Airbus A320 учагынын электр менен камсыздоо системасы жана башка эмгектер каралды.