Жаңылыктар

И.Абдыраимов атындагы Кыргыз авиация институту жана авиациялык окуу-тажрыйба борбору «Бишкек Вингс» коммерциялык авиациянын учкуч лицензиясын алган жаңы бүтүрүүчүлөрдү даярдады. — Бүтүрүүчүлөр И.К.Жусупбеков жана Джанг Ын Сок теориялык жана практикалык программаларды ийгиликтүү аяктап, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык авиация учкучунун күбөлүгүн» алышты.
Толугураак
Тарыхый учур
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын тарыхында биринчи жолу КАИнын бүтүрүүчүсү — Джанг Ын Сок (Түштүк Корея жараны) — Кыргыз Республикасынын коммерциялык авиация учкучунун күбөлүгүнө ээ болду.
КАИнын коллективи жана студенттери бүтүрүүчүлөргө карьерасында улуу бийиктикти, коопсуз учуп-турмаларды жана жумшак конууну каалашат!