22-май күнү Кувейт авиациялык-технологиялык колледжинин өкүлү мистер Халед Махмуд И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна расмий сапар менен келди.

Сапардын алкагында Авиаинституттун жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу боюнча макулдашууга жетишти. Ошондой эле Авиаинституттун делегациясынын Кувейтке жана Кувейт авиациялык-технологиялык колледжинин расмий делегациясынын И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна өз ара сапарлары пландалды.

Кызматташтыктын негизги багыттары:

1.   Окуу жайлар ортосундагы эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү.

2.   Авиаинституттун B1 жана B2 категориялары боюнча инженерлерди даярдоо программаларына өтүүсү, ошондой эле учкучтарды даярдоо жана авиациялык англис тили программаларын өнүктүрүү боюнча Кувейт авиациялык-технологиялык колледжи тарабынан консультациялык колдоо көрсөтүү.

3.   Авиаинституттун эл аралык Trainair Plus программасына кошулуу демилгеси негизги багыттардын бири болду.