Кыргыз Республикасындагы Чехия Республикасынын Консулдугунун көмөгү жана Кыргызстандагы Чехиянын Ардактуу консулу Марат Джаанбаевдин катышуусу менен OMNIPOL Airports компаниясынын башкы директору Владимир Драбек мырза менен консультациялык жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен OMNIPOL Airports компаниясынын ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде аэродромдук жарык-сигналдык жабдуулар (AGL) жаатында авиациялык адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле авиация тармагындагы адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана аэропорттук инфраструктурада колдонулган заманбап технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз авиациялык институту менен OMNIPOL Airports компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумду даярдоо жана келечекте түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

OMNIPOL — аэродромдук жарык-сигналдык жабдуулар жана аэропорттук инфраструктура жаатында иш алып барган чехиялык компания. Компания аэродромдорду жарыктандыруунун заманбап системаларын иштеп чыгуу, өндүрүү жана ишке киргизүү боюнча эл аралык тажрыйбага ээ.