Кайрымдуулук
24 декабря И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиалык институтунун кызматкерлери жана студенттери салтка айланган жылдык кайрымдуулук акциясынын алкагында Төмөнкү-Чүй айылында жайгашкан психикалык өнүгүүсү кечиккен балдар үчүн атайын начальный мектеп-интернатка барышты.

Иш-чара

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок уюштурулуп, ошондой эле институтта өткөрүлгөн студенттик кайрымдуулук жарманкеден чогултулган каражатка алынган майрамдык белектер тапшырылды. Майрамдык программа балдарга кубанычтуу маанай тартуулады.

Ыраазычылык

Мектеп-интернаттын администрация балдарга көрсөтүлгөн көңүл буруусу жана жылуу мамиле учун институт жамаатына ыраазычылык билдирип, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.