И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун кызматкерлери  жарандык авиация академиясынын 30 жылдык мааракесине арналган ISATECH эл аралык симпозиумуна катышышты. Симпозиум 2025-жылдын 3–5-декабрында Алматы шаарында өтүп, анда авиациялык жана инженердик-техникалык тармактагы инновацияларды, илимди жана технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул форумга катышуу кесиптик баарлашуу, алдыңкы тажрыйба жана идеялар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, ошондой эле институттун илимий байланыштарын чыңдоого жана эл аралык кызматташуусун кеңейтүүгө өбөлгө түздү.