26-февралда Алматы шаарында Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Абдраимова «Aviator KZ» (Алматы) жана TRITECH (Рига, Латвия) авиациялык окуу борборлору менен кызматташуу келишимине кол койду.
Бул иш-чара «КазАэроНавигация» РМКнын Кесиптик Окуу борборунда (КТБ) өткөн семинардын жыйынтыгында болду.
Кызматташтыктын максаты – билим берүү мекемелеринин потенциалын өнүктүрүү, жаңы билим берүү программаларын ишке ашыруу жана авиация тармагындагы окуу процессине европалык стандарттарды киргизүү.